БАТОЛИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАТОЛИ́Т (гр. bfthos – тереӊдик, lнthos – таш) – жердин тереӊ катмарларында пайда болгон ири көлөмдүү (200 км2 аймакты ээлеген) интрузия (көбүнчө гранитоид) тоо тектеринин жайгашуу формасы. Зюсстун (Suess, 1888) биринчи көз карашы боюнча Батолит төмөн карай чексиз тереӊдикке созулган, зор өлчөмдөгү магмалык массив деп эсептелген. Кийинки кезде геофизикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында Батолиттердин астында метаморфизм тоо тектеринин жайгашкандыгы, алардын ар түрлүү көлөмдөрдө жана калыпта (формада) болуп, өлчөмдөрү чексиз эместиги белгилүү болду. Батолит орун алган жерде калай, вольфрам, алтын ж. б. металлдардын кендери (Кыргызстанда Сары-Жаз, Суусамыр ж. б. ) кездешет.