БАТУМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТУ́МИ – Грузин Республикасындагы шаар (1878-жылдан). Ажар Республикасынын администрациялык борбору. Кара деӊиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан ири порт. Деӊиз жээгиндеги парк. Калкы 183 200 (2024). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Нефть ажыратуу, машина куруу (кеме, нефть жана чай өнөр жайы үчүн жабдуу, электр-техникалык буюмдар), тамак-аш (чай фабрикасы, цитрус комбинаты ж.б.) өнөр жайы, чайдын калдыгынан кофеин алуучу завод, тамеки фабрикасы, университет, 2 театр, 2 музей бар. Аквариум, дельфинарий иштейт. Деӊиз боюндагы климаттык (Махинжаури, Жашыл Тумшук, Цихисдзири жана Кобулети) курорт. 11-кылымдан чеп катары белгилүү. Шаарга жакын Батуми ботаникалык багы жайгашкан.

Деӊиз жээгиндеги парк.