БАТЫШ СЬЕРРА-МАДРЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ СЬЕ́РРА-МА́ДРЕ – Түндүк Америка Кордильерасынын Батыш тилкесиндеги кырка тоо; Мексикада. Батышынан Мексика тайпак тоосу менен чектешет. Узундугу 1300 км, эӊ бийик жери 3150 м (Чоррерас чокусу). Негизинен метаморфизмделген тоо тектерден туруп, лаванын калыӊ катмары менен капталган. Күмүш жана алтын кендери бар. Тереӊ өрөөн-капчыгайлар менен тилмеленген. Түндүгүн ксерофилдик бадалдар жана кызыл карагайлуу сейрек токой, түштүгүн катуу жалбырактуу жана жайында жашыл токойлор ээлейт.