БАХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАХ Иоганн Себастьян (21. 3. 1685, Эйзанах – 28. 7. 1750, Лейпциг) – барокко доорундагы көрүнүктүү немец музыканты, немец композитору, органист, скрипач, клавесинчи, капельмейстер, педагог. Ал бардык мезгилдердин улуу композиторлорунун бири. Ордруфта (1965–1700), Люнебургда (1700–1703) окуган. Анын музыкасынын кадыры кийин гана билинген. Бах операдан башка жанрлардын баарында иштеп, 1000ден ашуун ар түрдүү музыкалык чыгармаларды жараткан. Орган, клавир, оркестр үчүн жазылган сюиталары, сонаталары, концерттери, фугалары бар. Белгилүү чыгармалары: «Матфейди эӊсөө», «Си-минор мессасы», «Магнификат», «Рождество ораториясы», «Пасха ораториясы» жана башкалар. Диний мазмунда болсо да Бахтын музыкасына полифония менен гармониянын көркөм айкалышы, көркөм сүрөттөөнүн дааналыгы, философиялык тереӊдик мүнөздүү. Лейпцигде 1950-жылдан бери ар 4 жылда Бах атындагы эл аралык конкурс өткөрүлүп турат.