БАШ-БУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ-БУЛАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Катта-Талдык айыл округуна караштуу. Талдык суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 45 км түштүк-чыгыш тарапта. 1896-жылы орношкон. Калкы 6160 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, фельдишердик-акушердик пункту, ашкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары С. Исаков, Т. Полотов туулган.