БАШ-КУУГАНДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ-КУУГАНДЫ – Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Баш-Кууганды айыл округуна караштуу. Жумгал суусунун оӊ өйүзүндө, деӊиз деӊгээлинен 1800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 162 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 3290 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет.