БАШКЫРТТАР
БАШКЫРТТАР (өздөрүн башкорт деп аташат) – түрк эли, Башкыртстандын (Россия Федерациясы) жергиликтүү калкы. Саны Россияда 1584 554, анын ичинен Башкыртстанда 1172 287 адам (2010). Челябинск, Оренбург, Пермь, Свердлов, Курган, Тюмень облустарында, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украинада да жашашат. Жалпы саны 2 млн адам (2010). Башкырттар ошондой эле орус, татар тилдеринде да сүйлөшөт. Башкырттар негизинен мусулман-сунниттер. Башкырттар – этногенетикалык жана этномаданий байланыштар жагынан кыргыздарга жакын, тектеш эл. Алар б. з. ч. 1-миӊ жылдыкта Түштүк Уралга ооп келген түрк элдери жергиликтүү финн-угор жана иран (сармат-аландар) уруулары менен ассимиляцияланышынын негизинде эл болуп калыптанган. Ага огуз-печенег уруулары, волга-камалык булгарлар, кыпчактар жана монгол урууларынын да (10–13-кылымдар) катышы бар. Башкырт уруулары азыркы жашаган жерге 9–10-кылымдарда көчүп келип, отурукташа баштаган. Бул аймакты мекендеген финн-угор тилдүү мадьяр (венгр) уруулары Паннонияга журт которууга аргасыз болушкан. Башкырттар 1236-жылы монгол-татарларга баш ийишип, Алтын Ордого бириккен. 14-кылымда ислам динине өтүшкөн. Алар Казан хандыгы жоюлгандан кийин (1552) Россиянын курамына кошулган жана келишим боюнча өздөрүнүн үрп-адат, салты жана дини менен жашашкан. Падышалык Россияга каршы 17–18-кылымдарда Башкырттар бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгышкан. 1773–75-жылы Башкырттарда карама-каршылыктар токтотулган, бирок Башкырттардын жерге болгон вотчиналык укугу сакталып калган. 1789-жылы Уфада Россия мусулмандарынын Диний башкармалыгы уюшулган. 1917-жылы Февраль революциясынан кийин Башкырттар өздөрүнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү үчүн активдүү күрөшкөн. 1919-жылы Башкырт АССРи түзүлгөн. 1-дүйнөлүк жана граждандык согуш, 1921–22-жылдардагы ачарчылык, 30-жылдардагы репрессия, 1941–45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жоготуулар, ошондой эле алардын татар, орус элдери менен ассимиляцияланышы Башкырттардын санынын азайышына алып келген. Кийинки жылдарда Башкырттардын улуттук аӊ-сезиминин жогорулашы байкалат. 1990-жылы республиканын Жогорку Советинде Башкырт АССРинин мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, 1992-жылы февралда Башкыртстан Республикасы болуп жарыяланган. Башкырттар негизинен мал чарбачылык менен кесиптенишкен жарым көчмөн эл болгон, ошондой эле аӊчылык, аарычылык, балык кармоочулук да кеӊири тараган. 17–19-кылымдарда дыйканчылыкка өтүп, дөӊгөлөктүү жыгач соко, тырмоо колдонушкан. Башкырттар бир нече уруулук топко бөлүнүп, болуштукту

түзүшкөн. Аны бий башкарып, бийлик мураска калган. Болуштук аймак, тюба, арага бөлүнүп, башкаруу иштерине тархандар, батырлар, дин өкүлдөрү активдүү катышкан. Башкырттарда нике кудалашуу, айрым учурда ала качуу менен ишке ашкан жана левират салты сакталган. Үйлөнүү той күнү колуктунун үйүндө ат чабыш, күрөш боюнча мелдеш уюштурушкан. Башкырттардын айылдары өзөн бойлой жайгашып, көчмөн турмуштун шартына ылайык, ар бир айылдын бир канча кыштоо, жаздоо, жайлоо, күздөөсү болгон. Алар боз үйдө, талаа-түздөрдө сокмо, жыгач үйлөрдө жана чатырларда жашаган. Азыркы мезгилде орустар ж. б. коӊшу элдердин тийгизген таасиринен улам Башкырттардын курулуш техникасы жакшырып, кыш, бетон менен кабаттуу үйлөр салынган. Аялдар узун, бүйүрмөлүү көйнөк, алжапкыч, жеӊсиз кемсел кийишип, көкүрөгүнө коралл, күмүш теӊге менен кооздолгон кооздуктарды тагынып, сыртынан чепкен (түстүү кездемеден тигилген), башына такыя кийип, анын үстүнө түрдүү шурулар бастырылган узун жамынгычтарды салынышкан. Эркектери көйнөк, кенен шым, чепкен, ичик, башына баалуу териден жасалган тебетей, малакай, калпак кийген. Тамак-ашы негизинен эт, сүт азыктарынан (беш бармак, куллама, чучук, казы, айран, кымыз, май, быштак) даярдалат. Жазында каргатуй, жайында жиин майрамдарын майрамдашат. Кургакчылык мезгилде арбактарга сыйынуу, курмандык чалуу менен сууну бири-бирине жаба коюшуп, жаан чакыруу ырымы өткөрүлгөн.
Ш. Керимова.