БАШТЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАШТЫК – кездеме, таар, кийиз, булгаары жана башкалардан жасалган буюм. Баштыктардын көпчүлүгү буюм, кийим, азык-түлүк салууга арналып, үч тарабы туюк, бир жагы (оозу) ачык жасалат. Баштык жасалышына карата: сайма Баштык, бөз Баштык, бүйүрмө Баштык (оозуна бүйүрмө боо өткөрүлгөн); чыт Баштык, баркыт Баштык, таар Баштык, кийиз Баштык, булгаары Баштык жана башка керектелишине карай: кийим Баштык, чай Баштык, туз Баштык, жем Баштык болуп бөлүнөт. Алар


көчүп конууда пайдаланганга өтө ыӊгайлуу болгон. Азыр азык-түлүк жана башка буюмдарын ташуу үчүн синтетикалык материалдан жасалган ар кандай Баштыктар кеӊири колдонулууда.