БАЯЗЫ ЧЕПКЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯЗЫ ЧЕПКЕН – сырт кийимдин бир түрү. Төөнүн ийрилген жүнүнөн өрмөккө согулуп, жеӊи узун жана тулкусу кенен бычылып, жалаӊкат ичтелип тигилет. Ал көбүнчө жылдын салкын мезгилдеринде кийилет. Баязы чепкен жылуу, бышык жана жеӊил болгондуктан, сый кийим катары бааланып, белекке да берилет. Аны «төө чепкен» деп да аташат.