БЕБЕЗОВ Бахадыр Хакимович
(БЕБЕЗОВ 1 барагынан багытталды)
БЕБЕЗОВ Бахадыр Хакимович (18. 12. 1968-жылы туулган, Казак ССРи, Жамбыл облусу, Жамбыл району, Жалпак-Төбө айылы) – медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2007). КММИни бүтүргөн (1994). Ошол эле жерде ординатураны (1996), Москва шаарында аспирантураны (1999) жана докторантураны (2002) бүтүргөн. КРСУда доцент (2002–03), 2003-жылдан госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. КРдин саламаттык сактоосунун отличниги (2004). Хирургия боюнча адис. Европа онкологдор мектебинин, КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык хирург гепатологдор ассоциациясынын мүчөсү. 48 илимий эмгектин, анын ичинен 1 монографиянын, 10 илимий-методикалык куралдын, 3 ойлоп табуунун автору.