БЕЙШЕМБИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕМБИЕВ Эсенгул Жумашевич (27. 7. 1952-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Дар­хан кыштагы) – юрист, юридикалык илимдердин доктору (1993), профессор (1995). КРдин илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996). 1982-жылы Казань ун­иверситетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1982–91-жылдарда КМУнун юридикалык факультетинде окутуучу, декандын орун ба­сары, кафедра башчысы, партбюронун секрета­ры, 1991–93-жылдарда Кыргыз УИАда мамлекет ж-а укук институтунун директору, 1993–2002-жылдарда КЭУда эл аралык укук дипломатиясы факультетинин деканы. 2000-жылдан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профессору. Кыргызстанда эл аралык укук боюнча илимий багыттын негиздөөчүсү. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 6 монографиянын автору.