БЕЙШЕМБИЕВ Мукаш Итикулович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙШЕМБИЕВ Мукаш Итикулович (1960-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Сары-Камыш кыштагы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1996), КММИни (1984), СССР МИАнын ОИБде аспи­рантураны (1989, Москва), РМИАнын ОИБде докторантураны (1996) бүтүргөн. 1995–98-жылдарда Кыргызстан онкология ж-а радиология илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер, бөлүм башчы болуп иштеген. 2001-жылдан КР саламаттык сактоо министрлигинин ОИБде көкүрөк онкологиясы бөлүмүн жетектейт. 60тай илимий эмгектин автору. Анын эмгектери ич көңдөйүнүн, көкүрөк көң­дөйүнүн шишиктерине арналган.

Эмг.: Хирургическое лечение опухолей и кист сре­достения (в соавторстве). Б., 2001.