БЕЙШЕНОВ Асаналы
БЕЙШЕНОВ Асаналы (24. 4. 1941-жылы туулган, Чүй облусу, Сокулук району, Токбай кыштагы) – живописчи, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (2000). Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1961), Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүн негиздөөчүлөрдүн бири. 1966-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу.


Бейшенов А. «Жолугушуу». 1971.
1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бейшеновдун эмгектеринин тематикасы согуштун антигумандуулугу («Согуш жылдары. Машак терүү»), кыргыз искусствосундагы адам менен жаратылыштын байланышы («Булактын жанында», «Пахта көтөрүп бара жаткандар») болуп саналат. Портрет жанрында натураны байкоосу картиналарында курч жана кооз живопистүү чечилген. Анын негизги чыгармалары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталып турат.