БЕК
БЕК , б е й, б и й (түрк. – бийлөөчү, төрө; эмир дегендин синоними) – 1) Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө ак сөөктөрдүн, Орто Азия ж-а Закавказье аймактарында орто кылымдарда ж-а жаңы доордо жер ээлеринин титулу. 2) Түркияда 19-кылымдын экинчи жарымынан 1934-жылга чейин бийик мансаптууларга кайрылуунун бир түрү. 3) Тунис өлкөсүндө 1705–1957-жылдарда башкаруучу. Бек Борбордук Азияда Түрк кагандыгы доорунан белгилүү. Ал мезгилде Бектер сот бийлигинде, салык жыйноочу ж. б. кызматтарды аткарган, ошондой эле кээде аймак башкаруучу, кээде уруу башчысы катары да болгон. Караханиддер мамлекетинде да кагандан кийинки бийлик төбөлдөрү Бектердин арасынан чыккан. Чынгызхандын аскер башчылары да Бек деп аталган. Алтын Ордонун ханы мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Бек титулун берген. Амир Темирдин тушунда аскер башчылар арасынан колбашчы дайындалып, мындай даражага ээ болгон Бекке аскердик туу, аскер башчынын асабасы салтанаттуу тапшырылган. Аларга аткарган кызматына, даражасына жараша улустар, аймактар бөлүнүп берилген. Орто Азия мамлекеттеринде 1917-жылга чейин аталыктан кийинки кызмат даража катары саналган. Кыргызстанда Кокон хандыгынын тушунда Бек хан тарабынан дайындалып, бир вилайетти башкарып турган. Ал түздөн-түз ханга баш ийип, вилайетте бийликти өз колунда кармап, элден алык-салык жыйнатып, хандын казынасына өткөргөн, хандын аскерине толуктоо жиберип, өз вилайетиндеги жоокерлерге башчылык кылган. Кыргыз Бектеринин бир катары Кокон хандыгынын тиреги болуп келишкен. Мансаптан ажыраса деле аларда Бек наамы сакталып калган.