БЕКБОЕВА Алый

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКБОЕВА Алый (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Ак-Талаа кыштагы – 1977, ошол эле жер) – кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын эл­дик көркөм кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жум­шаган. 1957-жылы жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун туш кийиз, 25тей аяк кап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-жылы кыргыз адабияты жана иск­усствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева – улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергеси­нин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчили­гинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петер­бургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун ал­ган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Г. Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген картинасы