БЕКИТҮҮЧҮ ПАТРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКИТҮҮЧҮ ПАТРО́Н м а ш и н а к у р у у д а – металл кесүүчү станокто иштетилүүчү тетикти же аспапты бекитип, кармап туруучу түзүлмө. Анын негизги бөлүктөрү – тулкусу ж-а тетик кармагычы. Тулкусу станокко бекитилип, иш­тетүү убагында тетик же аспап Бекитүүчү патрон м-н кошо айланат. Станоктун түрүнө жараша Бекитүүчү патрон токар­дык, чарыктык, бургулоочу ж. б. болуп айыр­маланат. Токардык Бекитүүчү патрондун ичинен жетелөөчү (поводоктуу), эки, үч, төрт муштумчалуу (тетик­ти борборлоштуруп бекитүүчү), төрт цангалуу патрондор белгилүү. Эки-үч муштумчалуу пат­рондор спираль алкактуу, калтектүү (рычагдуу) болуп жасалат. Төрт муштумчалуу патрондун ар бир муштумчасы өз алдынча жыла алат. Бекитүүчү патронго тетиктер кол м-н, пневматикалык же автоматтык түрдө бекитилет. Өтө чоң Бекитүүчү патрон электр кыймылдаткычы м-н жабдылган.