БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕКИТҮҮЧҮ ТЕТИКТЕР – машина ж-а конструкция­нын ажырама бөлүктөрүн бириктирүүчү тетик­тер. Ал жалпы мамлекеттик стандарт же ведомство­лук нормалар боюнча атайын өндүрүштө массалык түрдө жасалат. Машина курууда колдонулуучу тетиктерге: бурама сайлуу бекиткичтер – бу­роо, бурама, бурама мык; жардамчы тетиктер – эбелек, тушак (шплинт), өзөкчө (штифт) ж. б. кирет. Чеге, мыктар да Бекитүүчү тетиктер болуп эсептелет.