БЕКНАЗАР КУУДУЛ
БЕКНАЗАР КУУДУЛ , Б е к н а з а р А р з ы м а т у у л у (1881, Токтогул району, Ничке-Сай кыштагы – 1953, ошол эле жерде) – эл куудулу, жамакчы. Атасы жокчулуктун айынан жалданып иштеш үчүн Арстанбапка жакын Кызыл-Суу кыштагына байыр алып калат. Жети жашында энесинен ажырап, өгөй эненин каарынан 9 жашында үйүнөн безип, Арстанбап мазарына келип, андагы шайыктарга кумганчы (дааратка суу даярдап бергич) болуп иштеген.

Бул жерде ал айрым кожо молдолордун анык алдамчы экенине көзү жетип, аларды жек көрүү сезими пайда болгон. Ошондуктан динчилердин кылык-жоруктарын ашкерелөө анын негизги темасы болуп калган. Анын «Мусулманчылыктын азабы», «Мусаллага тойгондогу зикир», «Молдолор тооруганда», «Жума намаз эмне үчүн каза болду», «Сүзүшмө намаз, мушташма зикир» сыяктуу оозеки аңгемелери эл ичинде кеңири тараган. Бекназар куудул 1930-жылы Токтогул райондук театрда иштеген. Ал сагызган, чакчыгай, күкүк, карышкыр, мышык, ит жана башка жан-жаныбарлардын дабышын куду өзүндөй туурай алган. Бекназар куудул Токтогул акындын шакирттеринин бири болгон.