БЕЛ-АЛМА-БАТЫШ КАШКАСУУ КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ-АЛМА-БАТЫШ КАШКА-СУУ КҮРӨҢ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Кичи Алай суусунун оң куймалары – Бел-Алма ж-а Кашка-Суу сууларынын ортоңку агымында. Кен 1913-жылдан белгилүү. 1983–87-жылдарда геологиялык издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Бел-Алма ж-а Батыш Кашка-Суу деп экиге бөлүнөт. Бел-Алма синклиналдык бүктөлүүнүн түштүк-батыш кана­тында, Батыш Кашка-Суу синклиналдын түндүк- батыш биригишинде. Кенде төмөнкү юра кат­мары м-н байланышкан бир кабат белгилүү. Белалма кенинде кабаттын калыңдыгы 30–75 м болуп, орточосу 45 м түзөт. Батыш Кашка-Суу кенинде калыңдыгы 1,0 м болгон кабат 1,2 кмге созулары аныкталган. Көмүрдүн сапаты на­чар изилденген. Бел-Алма кенинин орточо күл­дүүлүгү 11,8%, күйүү жылуулугу 6500 ккал/кг (27,21 МДж/кг) – 7150 ккал/кг (29,93 МДж/кг). Кендердин болжолдуу ресурсу 600 м тереңдикке чейин 1153 млн т.