БЕЛ-КЫШТАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ-КЫШТАК – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караш­туу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 32 км түштүк- батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 7 км. Де­ңиз деңгээлинен 850 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1794 (2022); негизинен пахтачылыкта, тамекичи­ликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.