БЕЛ (Ноокат районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Бел айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбо­ру Ноокат шаарынан 12 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 36 км. Ноокат – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1445 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4804 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, амбу­латория, дарыкана бар.