БЕЛЕК (Сокулук районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕЛЕК – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 6 км түштүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 925 м бийиктикте. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 1429 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана бар. Кыштакта КРдин эл артисти А. Куттубаев туулган.