БЕЛЛИНСГАУЗЕН
БЕЛЛИНСГА́УЗЕН Фаддей Фаддеевич [9 (20). 9. 1778, Эстония, Эзель аралы (азыркы Сааремаа аралы) – 13(25).1.1852, (Россия), Кронштадт] – орус деңиз саякатчысы, адмирал (1843). Кронштадттагы Деңиз кадет корпусунан билим алган. 1803–06-жылдарда

Жер шарын айланган 1-орус саякатына катышкан. 1807– 18-жылдарда Балтика ж-а Кара деңиз флотторундагы кемелерди, 1819–21-жылдарда Жер шарын айлануу үчүн уюшулган экспедицияны башкарган. Экспедиция 1819-жылы Атлантика океанынын Антарктикалык бөлүгүндөгү бир нече аралды, 1820-жылы 16 (28)-январда Антарктиданы, 1821-жылы Пётр Iнин ысмынан аталган аралды, Александр Iнин ысмынан аталган өткөөлдү, Тынч океандын тропиктик бөлүгүндө бир нече аралды тапкан. 1821-жылы июль – августта экспедиция 751 күндүк деңиз саякатынан Кронштадтка кайтып келген. Беллинсгаузен 1828–29-жылдарда түрк-орус согушуна катышкан. 1839-жылдан Кронштадттын согуш губернатору болгон. Беллинсгаузендин ысмынан Тынч океандагы деңиз, Түштүк Сахалиндеги тумшук, Туамоту архипелагындагы арал ж. б. аталган.
Эмг.: Двукратные изыскания в Южном Ледовитном океане и плавание вокруг света в продолжение 1819, 20 и 21 гг., Совершенные на шлюпах «Восток» и «Мирный». 3-е изд. М., 1960.
Ад.: Болотников Н. Я. Фаддей Фадеевич Беллинсгаузен и Михаил Петрович Лазарев // Русские мореплаватели. М., 1953; Творцы отечественной науки. Географы М., 1996.