БЕЛЛИНЦОНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЛИНЦО́НА – Швейцариянын түштүгүндөгү шаар. Тичино (Тессин) кантонунун административдик борбо­ру. Калкы 17 миң (2005). Леопонтин Альп тоолорунан түштүктө, Тичино дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Трансальп темир жол магистралын­дагы жана Цюрих – Милан

автомобиль жолун­дагы ири жол тоому. 1250-жылдар ченде негиз­делген. XIV–XV кылымдарда Милан герцогдугунун, 1503- жылдан Швейцария Союзунун курамында бол­гон. Беллинцонанын тарыхый очогу болуп дөбөдө жай­гашкан үч сепил [Кастель-Гранде (IV кылымда негизделип, XIII–XV кылымдарда курулган), Кастелло-ди-Монте­белло (XIII–XV кылымдар; учурда тарых музейи), Кастел­ло-ди-Сассо-Корбарио (1479)] эсептелет. Алар Сен-Готард, Лукманир жана Сан-Бернардино ашууларына кеткен жолду тосуп турат. Сепил­дер Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­ген. Булардан тышкары роман стилиндеги Ионн Креститель (XII–XIII кылымдар), Ыйык Павел (XIV–XV кылымдар, фа­садындагы жана интерьериндеги фрескалар XV–XVI-кылымдар), ренессанс стилиндеги соборлуу чиркөөлөр (XV кылымдын аягы – XVI кылымдын башы), Санта-Ма­рия-делле-Грацие базиликасы жана башкалар бар. Театр­лар, сүрөт галереясы, музейлер иштейт. Эконо­микасында тейлөө сектору басымдуу. Өнөр жайы жергиликтүү гана мааниге ээ.

Швейцариядагы Беллинцона өз сепилдери менен