БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ
БЕЛОВЕ́ЖА МАКУЛДАШУУСУ – 1991-жылы 8-декабрда Вискули-Беловежа токоюнда (Беларуссия) Россия, Беларуссия ж-а Украина мамлекеттеринин башчылары Б. Ельцин, С. Шушкевич, Л. Кравчук, тарабынан кол коюлган келишим. Беловежа макулдашуусу Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугун белгилеген. 1991-жылы коммунисттик төңкөрүш (ГКЧП) ийгиликсиз аяктап, анын жетекчилеринин камакка алынуусу ж-а Коммунисттик партиянын таратылышы СССРдин кыйрашын тездеткен. Көз каранды эместигин жарыялашкан мурдагы союздун курамындагы Балтика боюндагы республика лар (Латвия, Литва, Эстония) СССРдин курамынан чыккандыгын жарыялашкан. Бул өлкөдөгү саясий кризисти күчөткөн. Ушундай кырдаалда үч славян өлкөлөрүнүн башчылары Беловежа токоюнда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө СССРди мындан ары сактап туруу мүмкүн эместиги ж-а жаңы шарттарга ылайык келген союзду куруу тууралуу белгиленген. Ага жооп иретинде 1991-жылы 12-декабрда Ашгабад шаарында Орто Азия республикаларынын президенттеринин (Казакстандан Н. Назарбаев, Кыргызстандан А. Акаев, Өзбекстандан И. Каримов, Тажикстандан Т. Махкамов, Түркмөнстандан С. Ниязов) жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууда алар өз ара союздаштык жөнүндөгү макулдашууга кол коюшуп, ошондой эле Беловежа макулдашуусунын шарттары м-н толук макул экендигин билдиришкен. Мындан сырткары алар мурдагы СССРдин курамындагы республикаларга жаңы шарттагы союздук келишим түзүү чакырыгы м-н кайрылышкан. 1991-жылы 21-декабрда Алматы шаарында мурдагы СССРдин курамындагы 11 республиканын (Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина) мамлекет башчылары жаңы союздук келишимге кол коюу м-н Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) негиз салынган. 1991-жылы 25-декабрда СССРдин президенти М. С. Горбачев кызматынан кеткендигин жарыялаган. Ошентип, Советтер Союзу өзүнүн жашоосун толук токтоткон.
А. Орозов.