БЕЛОВОДСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛОВО́ДСКИЙ (мурдагы А к - С у у) – Чүй обл­усунун Москва районундагы кыштак. Райондун ж-а Беловодский айыл өкмөтүнүн борбору. Бишкек – Ташкен автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Беловод­ский темир жол бекетинен 2 км. Бишкек шаарынан 40 км батыш тарапта. 1866-жылы отурукташкан. Калкы 27626 (2022). Эки орто мектеп, атайын мектеп, лицей, спорт мектеби, 4 бала бакча, оорукана, поликлиника, дарыкана, ден соолук­ту чыңоочу жай, кинотеатр, 3 китепкана, 2 клуб, кафе-барлар, ашканалар бар.