БЕЛУЖДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛУЖДАР (өздөрүн балуч, балоч деп ата­шат) – Түштүк Пакистандын калкы. Иран, Афган­стан, Түркмөнстан, Тажикстан, Индия ж-а араб өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 5,7 млн киши, анын ичинде Пакистанда 4 млн адам (2000). Бе­луж тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-сун­нит. Араб географтарынын маалыматтарына караганда, Белуждар 9–10-кылымдарда Керман ж-а анын чы­гышындагы Систанда жашаган. Эфталиттердин (б. з. 5-кылымы), селжуктардын (11-кылымдын башында), моңголдордун (13-кылым) жортуулдарынын ж-а Ти­мурдун басып алууларынын (14-кылым) натыйжа­сында Белуждар акырындык м-н түштүк, андан кийин чыгыш жакка ооп, Белужстан деп аталган чоң аймакты ээлешет. 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын ба­шында Белужстанда бир нече княздыктар түзүлүп, алар Улуу Моголдорго, иран ж-а афган башкаруучуларына көз каранды болушкан. Ка­лат княздыгынын (Чыгыш Белужстан) башка­руучусу Насир хан Белуж (1750–95) Белужстан­дын бардык аймагын өз бийлигине баш ийдир­ген. 19-кылымда Белужстанга англичандар басып ки­ришкен. Чыгыш Белужстан Улуу Британияга баш ийдирилип, батышы Ирандын курамына кошулган. 1947-жылдан Пакистандын курамын­да. 1970-жылы княздыктар жоюлуп, Белужстан­дын бирдиктүү провинцияга бириктирилиши эт­ностук консолидацияга ж-а улуттук аң-сезим­дин жогорулашына жагымдуу шарт түзгөн. Алар негизинен мал чарбасы, дыйканчылык, балык уулоочулук м-н кесиптенишет. Белуждар жылгындан согулуп, ылай м-н шыбалган, үстү чабак жыгач м-н жабылган жер үйлөрдө, малчылар көчүп жүрүүгө ылайыктуу чатырчаларда (гедан) жа­шашат. Эркектери узун көйнөк, кенен шым, жеңи жок чапан ж-а шалы жоолук (пату), кий­изден жасалган баш кийим же тебетей (чалма­сы м-н), пальманын жалбырактарынан согул­ган бут кийим (сандали), аялдары көйнөк ж-а кенен ыштан (улгайгандары кара, жаштары кызыл түстө), тебетей кийишип, узун чүмбөт жамынышат. Көкүрөктөрүнө кооз жасалгалар­ды тагынышат. Тамак-ашы негизинен эт (кээде гана), сүт азыктары, айран кошулуп жасалган нан, жашылча, жемиштер. Дыйкандар чегирт­ке туздап, кууруп, тамак-ашына колдонушат.