БЕЛЯЕВ


БЕЛЯ́ЕВ Александр Романович [4(16). 3. 1884, Смоленск – 6. 1. 1942, Ленинград облусу Пушкино] – орус жазуучусу. Смоленскидеги диний семинарияны (1901), Демидов юридикалык лицейин (1906) бүтүргөн. Адабий дебютун «Мойрдун чоң энеси» (1914) деген пьеса-жомогун жазуудан баштаган. 1925-жылы Ж. Верндин таасиринде «Профессор Доуэлдин башы» аттуу биринчи иллюстрацияланган фантастикалык аңгемесин жана «Атлантидадан акыркы адам» повестин жарыялаган. «Аралдагы сууга чөгүп жок болгон кеме» (1926–1937), «Адам-амфибия» (1928), «Аба сатуучу», «Чексиз аалам» (1929), «Ариэль» (1941) жана башка иллюстациялык-фантастикалык романдарында адамдардын табияты шарттаган чектелүүлөрдү жеңип чыгуулары, окумуштуулардын өздөрүнүн ойлоп табуулары үчүн жоопкерчилиги чагылдырылган. Беляев чыгармаларынын сюжетинин кызыктуулугу менен XX кылымдагы иллюстрация-фантастиканын классиги катары таанылган.
