БЕН БЕЛЛА
БЕН БЕ́ЛЛА Ахмед (25.12.1916-жылы туулган, Магния -- 11.04. 2012, Алжир) – Алжирдин мамлекеттик ж-а саясий ишмери. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында француздук армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1947-жылдан Францияга каршы Алжир улуттук-боштондук кыймылынын жашыруун «атайын аскердик уюмун» жетектеген. Революцияга үгүттөгөндүгү үчүн 1950-жылы француздар тарабынан камакка алынып, 1952-жылы Египетке качкан. Андан соң Алжирдин Улуттук боштондук фронтун (УБФ) түзүп, Францияга каршы куралдуу көтөрүлүштү жетектеген. 1956-жылы кайрадан кармалып, Францияга алынып келинген. Эвиан макулдашууларынын шарты боюнча түрмөдөн бошотулуп (1962), Алжир көз каранды эместикке жетишкенден кийин, 1962–65-жылдарда премьер-министр, 1963-жылдан Алжир Республикасынын тунгуч президенти болгон. 1965-жылы Бен Белланын өкмөтү полковник Хуари Бумедьен жетектеген аскердик төңкөрүштүн натыйжасында кулатылып, ал 1979-жылга чейин түрмөдө отурган.