БЕНИН-СИТИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕНИ́Н-СИ́ТИ – Нигериянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан шаар. Эдо штатынын административдик борбору. Калкы 1,1 млн (2005). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 13–19-кылымдардагы Бенинин мамлекетинин борбору. Бенин музейи (байыркы Бенин скульптураларынын коллекциясы), университет, каучук илим-изилдөө институту, соода борбору (май пальмасынын продуктулары, кола жаңгагы, кака обуурчак, каучук, жыгач материалдары, пил сөөгү, калемпир), химия, нефть-химия (каучукту кайра иштетүүчү, шина өндүрүшү), жыгаччылык, тамак-аш, жеңил, мебель өнөр жайлары бар, көркөм промысели (жыгачты, пил сөөгүн кооздоо, коло куюп буюм жасоо) өнүккөн. Бенин-Ситиге жакын жерден нефть казылып алынат.