БЕНТАЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕНТА́ЛЬ (гр. btnthos – тереңдик) – көлмөлөрдүн микроорганизмдер, өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар байырлаган чөйрөсү; алар көлмөнүн таманын же катмарларын мекендейт. Деңиз ж-а тузсуз көлмөлөрдө Бенталь ар түрдүү температуранын, туздуулуктун, биокомпонентердин ж. б. вертикалдык градиент м-н географиялык алкактуулуктун өзгөрүшүнө ылайык вертикалдык зоналарга бөлүнөт. Бенталдагы организмдердин тобу бентос деп аталат. Ошондой эле, к. Көлмөлөрдүн экологиялык зоналуулугу.