БЕНТОНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕНТОНИ́Т (АКШдагы Бентон деген жердин атынан) – монтмориллонит тобундагы минералдардан турган чополуу тоотек. Бентонит деңиз же көл түбүндө жанар тоо тектеринин химиялык өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Бентонит чополору Түштүк Кыргызстанда (Бешкент кени) бар. Бентонит эң жакшы адсорбент катары өсүмдүк м-н малдын майын, шарап тазалоодо, бургулоо иштеринде ж. б. пайдаланылат.