БЕРЛИН
БЕРЛИ́Н – Германиянын борбор шаары; өлкөдөгү ири шаар, анын экономикалык, маданий ж-а илимий борбору. ГФРдин фйедерациялык жери статусуна ээ. Шпре дарыясына Хафель дарыясы куя беришинде жайгашкан. Кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Эльба ж-а Одер дарыялары м-н туташат. Чоң Берлиндин борбордук ж-а чыгыш бөлүгүндөгү Митте, Пренцлауэр-Берг, Фридприхсхайн, Трептов, Кёпеник, Лихтенберг, Вайсензе, Панков округдарын ээлейт. Аянты 891 км2. Калкы 1939-ж. 4,3 млн, 1945-ж. 2,8 млнго жакын, 1949-ж. 3,3 млн, азыр 3,4 млн (2023). 1990-жылдан өз алдынча административдик бирдик. Берлин шаары 13-кылымдын 1-жарымында пайда болгон. 1486-жылдан Бранденбургдун (кийин Пруссиянын), 1871–1945-жылдарда Германиянын борбору. Европадагы 2-дүйнөлүк согуштун акыркы этабында, 1945-жылы 2-майда советтик аскерлер Берлинди ээлешкен. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, Берлиндин аймагы СССР, АКШ, Улуу Британия ж-а Франциянын оккупациялык зоналарына бөлүнгөн. 1949-жылы 7-октябрда Германиянын чыгыш бөлүгүндө Германия Демократиялык Республикасы (ГДР) түзүлүп, Берлин анын борбору болуп жарыяланган. 1961-жылы Варшава келишими Уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча ГДР м-н Батыш Берлинди бөлүп


турган Берлин дубалы курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1990-жылы дубал алынып салынган. ГДРдин ГФР м-н биригүүсүнөн кийин (3. 10. 1990), Берлин бириккен Германиянын федералдык борбору статусун алган.
Электр-техника, электрондук, прибор, оор ж-а жалпы машина куруу, химия, химиялык-фармацевтика (дары-дармектер ж-а кылдат органикалык синтез продуктулары), жеңил, тамак-аш өнөр жайы өнүккөн. Маанилүү темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шпре дарыясындагы порт (жылына 2,6 млн тга жакын жүк ташылган). Метрополитен, Шёнефельд (Берлиндин түш.-чыгыш чет жагында), Темпельхоф ж-а Тегель эл аралык аэропорттору, ИА, Гумбольдт атындагы университет иштейт. Трептов паркында Советтик Армиянын жоокерлерине эстелик тургузулган. Улуттук галерея, «Берлинер ансамбль», «Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14-кылым), барокко ж-а классицизм ансамблдери (17–19-кылым) сакталган. XI Олимпия оюндары (1936) өткөрүлгөн.