БЕРДИБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРДИБАЕВ Абдрашит (1916-жылы туулган, Чүй облусу, Москва району, Малтабар кыштагы – 1980, Фрунзе) – акын, төкмө ырчы, обончу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1974). Ымыркай чагында эки көзү азиз болуп калган. Адегенде казактын домбрасын, 15 жашынан комуз черт­кен. Сарыкунан Дыйканбай уулунан «Жаныш- Байыш», «Кожожаш», «Болот менен Мөөр» («Ак Мөөр») дастандарын, обончу Ызакандын «Ак келин», «Сугатчы», «Бөдөнө-кыргый» де­ген ырларын үйрөнгөн. 1944–1953-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында ырчылык кесипте эм­гектенет. «Түшүмдө», «Кызыл гүл», «Жыттаган­да гүлүңдү», «Сирень гүлү», «Жүрөгүмдүн сырын ук», «Селкиге кат», «Сырга», «Кызылчачы ке­линдин ыры», «Жүгөрү», «Пахтачы келин», «Менин өлкөм» жана башка белгилүү ырлардын сөзүн, обондорун өзү чыгарган жана жумшак, мукам­дуу үнү менен аткарган. «Сынга сыпат толгондо», «Батмажан», «Тракторчу кыз» аттуу ырларына А. Малдыбаев, Б. Эгинчиев, Б. Исаков жана башкалар обон чыгарган. Алгачкы ыры басма бетине 1938- жылы жарыяланган. Жыйнактары: «Ырлар жый­нагы» (1949), «Ырлар» (1958), «Добуш» (1965), «Адамдын жолу» (1965), «Тандалган ырлар» (1970), «Адамдарга ачык кат» (1970), «Даңктайм сени, Кыргызстаным» (1973). Айрым китептери орус тилине которулган.

Ад.: Алагушов Б. Булбулдар. Б., 1991.