БЕРДЯЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРДЯ́ЕВ Николай Александрович (6.3.1874, Киев – 24.3.1948, Франция, Кламар) – орус ди­ний философу. Дворяндардын үй-бүлөсүнөн чык­кан. Киев университетинде окуган. Окуп жүргөн жыл­дары социалдык-демократиялык кыймылга катышып, репрессияга кабылган. 1922-жылы Советтик Россиядан куулган. 1925–40-жылдан Францияда жашап, «Жол» аттуу диний-философиялык журналды негиздеп, чыгарып турган. «УМСА – Press» («Жаштардын христиан союзу») басмасын жетектеген. Ал мар­ксизмден диний экзистенциализм ж-а персона­лизм рухундагы эркиндик ж-а инсан философия­сына өтөт. Эркиндик, рух, инсан ж-а чыгармачылык, жамандык, кыйноо ж-а кулчулук өкүм сүргөн дүйнөгө, зарылчылыкка каршы коюлат. Бердяевдин пикири боюнча тарыхтын маңызы, аны тарыхый мезгилден сырткары мистикалык түшүнүүдө жатат. Анын «Чыгармачылыктын маңызы», «Орус идеясы», «Эркин рухтун философиясы» ж. б. эмгектери белгилүү.