БЕРЛИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЛИ́Н – Германиянын борбор шаары; өлкөдөгү ири шаар, анын экономикалык, маданий ж-а илимий борбору. ГФРдин фйедерациялык жери ста­тусуна ээ. Шпре дарыясына Хафель дарыясы куя беришинде жайгашкан. Кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Эльба ж-а Одер дарыялары м-н туташат. Чоң Берлиндин борбордук ж-а чыгыш бөлүгүндөгү Митте, Пренцлау­эр-Берг, Фридприхсхайн, Трептов, Кёпеник, Лих­тенберг, Вайсензе, Панков округдарын ээлейт. Аянты 891 км2. Калкы 1939-ж. 4,3 млн, 1945-ж. 2,8 млнго жакын, 1949-ж. 3,3 млн, азыр 3,4 млн (2023). 1990-жылдан өз алдынча административдик бирдик. Берлин шаары 13-кылымдын 1-жарымында пайда бол­гон. 1486-жылдан Бранденбургдун (кийин Прус­сиянын), 1871–1945-жылдарда Германиянын борбору. Европадагы 2-дүйнөлүк согуштун акыркы эта­бында, 1945-жылы 2-майда советтик аскерлер Берлинди ээлешкен. Фашисттик Германия талкаланган­дан кийин, Берлиндин аймагы СССР, АКШ, Улуу Британия ж-а Франциянын оккупациялык зо­наларына бөлүнгөн. 1949-жылы 7-октябрда Герма­ниянын чыгыш бөлүгүндө Германия Демократиялык Республикасы (ГДР) түзүлүп, Берлин анын борбору болуп жарыяланган. 1961-жылы Варшава келишими Уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча ГДР м-н Батыш Берлинди бөлүп

Шаардын көрүнүшү (алдыңкы планда «Европа-центр» ж-а кайзер Вильгельмдин мемориалдык чиркөөсү).


Берлиндеги «Музей арал».

турган Берлин дубалы курулган. 80-жылдардын аягындагы саясий өзгөрүүлөрдүн натыйжасын­да, 1990-жылы дубал алынып салынган. ГДРдин ГФР м-н биригүүсүнөн кийин (3. 10. 1990), Берлин бириккен Германиянын федералдык борбору статусун алган.

Электр-техника, электрондук, прибор, оор ж-а жалпы машина куруу, химия, химиялык-фармацевти­ка (дары-дармектер ж-а кылдат органикалык синтез про­дуктулары), жеңил, тамак-аш өнөр жайы өнүк­көн. Маанилүү темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Шпре дарыясындагы порт (жылына 2,6 млн тга жакын жүк ташылган). Метрополитен, Шёне­фельд (Берлиндин түш.-чыгыш чет жагында), Тем­пельхоф ж-а Тегель эл аралык аэропорттору, ИА, Гумбольдт атындагы университет иштейт. Трептов пар­кында Советтик Армиянын жоокерлерине эстелик тургузулган. Улуттук галерея, «Берлинер ансамбль», «Комише опер» ж. б. музейлери, зоопарктар бар. Готика стилиндеги чиркөөлөр (13–14-кылым), барок­ко ж-а классицизм ансамблдери (17–19-кылым) сак­талган. XI Олимпия оюндары (1936) өткөрүлгөн.