БЕРЛИН ОПЕРАЦИЯСЫ
БЕРЛИ́Н ОПЕРАЦИЯСЫ (1945) – Улуу Ата Мекендик согуш (1941–45) убагындагы 1-Беларус, 2-Беларус ж-а 1-Украина (Советтер Союзунун маршалдары Г. К. Жуков, К. К. Рокоссовский, И. С. Конев) фронтторунун 1945-жылы 16-апрелден 8-майга чейинки Берлинге чабуул коюу операциясы. Советтик аскерлер 1945-жылдын январь-мартында Чыгыш Пруссия, Польша ж-а Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн талкалап, кеңири фронт м-н Одер ж-а Нейсе дарыяларына чыгышып, Германия жерине терең кирип барышкан. Ал эми англиялык, америкалык аскерлер бир эле мезгилде Батышка чабуулга өтүшкөн. Гитлерчилер союздаштардын келишпестигинен пайдаланып, англиялык-америкалык башкаруучу чөйрөлөр м-н сепараттык тынчтык түзүүгө умтулган ж-а бардык күчүн советтик аскерлерге каршы жумшап, Берлинге кире бериште күчтүү коргонууну уюштурушкан. Немецтик командование Берлин багытына генерал-полковник Г. Хейнрици башкарган армиялардын «Висла» тобунун ири группировкасын ж-а генерал-фельдмаршал Ф. Шернер башкарган «Борбор» армиялар тобунун 4-танкалык ж-а 17-армияларын топтогон. Берлинди коргоо үчүн Одер ж-а Нейсе дарыяларынын батыш жээктеринде аралыгы 20–40 кмге жеткен 3 катар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, көчөлөрү чепке айландырылып, баррикадалар курулган. Берлинге чабуул коюу үчүн советтик командование 2,5 млн адам, 41600 замбирек м-н миномёт, 6250 танк ж-а өзү жүрүүчү замбирек, 7500 самолёт топтогон. Берлин операциясы 16-апрелде башталат. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери душмандын коргонуусун бузуп, Берлинди түндүк ж-а түштүк тарабынан айланып өтүп, 24-апрелде анын түштүк-чыгыш четинен биригишет. 25-апрелде бул фронттордун аскерлери Кетцин районунда жолугушуп, душманды курчоого алышкан. 1-Беларус ж-а 1-Украина фронтторунун аскерлери Берлиндин түштүк-чыгышында курчоого алынган душмандардын аскерлерин 1-майда биротоло талкалашат. 21-апрелден 2-майга чейин Берлиндин көчөлөрүндө күндүр-түндүр салгылашуулар болуп турган. 30-апрелде генерал-полковник В. И. Кузнецовдун 3-армиясы рейхстагды алуу үчүн салгылашууну баштап, ошол күнү кечинде рейхстаг алынып, анын төбөсүнө сержанттар М. А. Егоров м-н М. В. Кантария Жеңиш Туусун сайышкан. 2-майдын таңында Берлин гарнизонунун калган аскерлери биротоло талкаланып, саат 15те Берлин коргонуусунун начальниги генерал Вейдлинг баш болгон душман аскерлери туткунга алынган. Советтик аскерлер батыштагы чабуулун улантып, 1-Украина фронтунун аскерлери 25-апрелде Риза м-н Торгау райондорунун тегерегинде америкалык 1-армиянын алдыңкы бөлүктөрүнө жолугушкан. 1-майда 1-Беларус фронтунун аскерлери Батыш Померанияда ж-а Макленбургда жеңиштүү чабуулдарын улантып олтуруп, 4-майда Балтика жээгине, Висмар, Шверин ж-а Эльба дарыяларынан чыгышып, англиялык аскерлер м-н кездешкен. 4–5-майда Воллин, Узедом ж-а Рюген аралдарын бошотушуп, 9-майда немецтик фашисттик аскерлеринин капитуляциясын кабылдоо үчүн Даниянын Борнхольм аралына өтүшкөн. Берлин операциясынын жүрүшүндө советтик аскерлер душмандын жөө аскерлеринин 70, танкалык 12 ж-а механикалашкан 11 дивизиясын толук талкалап, 480 миңге жакын адамын туткунга алышкан. Берлин операциясында советтик аскерлердин өлгөнү, жарадар болгону ж-а дайынсыз жоголгону 304 миңден ашык адам болду; 2156 танкын ж-а өзү жүрүүчү замбирегин, 1220 замбирегин, миномётторун ж-а 527 самолётун жоготкон. Берлин операциясын аяктап, советтик аскерлер союздаштардын аскерлери м-н бирдикте фашисттик Германияны биротоло талкалаган. 8-майда Германиянын командованиесинин Кейтель башчылык кылган өкүлдөрү Германиянын кыңк этпей багынып бергендиги жөнүндөгү актыга кол коюшкан.