БЕРЛИН ПАКТЫСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕ́РЛИН ПАКТЫСЫ (1940) – «Антикоминтерндик пактынын» негизги катышуучулары Германия, Италия ж-а Япониянын ортосундагы согуштук союз түзүү жөнүндөгү келишим. Келишимге 27-сентябрда Берлинде кол коюлган. Анын мүчөлөрү өз ара саясий экономикалык ж-а согуштук жардам көрсөтүүгө милдеттенишкен. Берлин пактысына Германияга көз каранды болгон Венгриянын (1940-жылы 20-ноябрь), Румыниянын (1940-жылы 23-ноябрь) өкмөттөрү кирген. Кийинчерээк ага Финляндия, Испания, Таиланд, Хорватия, Маньчжоу-Гонун марионет өкмөттөрү кошулган. 2-дүйнөлүк согушта (1939–45) фашисттик блоктун жеңилиши Берлин пактысынын жоюлушуна алып келди.