БЕРЛИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЛИО́З Гектор Луи (11. 12. 1803, Франция, Ла-Кот-Сент-Андре – 8. 3. 1869, Париж) – фран­цуз композитору, дирижёр. Романтикалык про­граммалуу симфонияны жазуунун баштоочула­рынан болгон. Париж консерваториясын бүтүргөн (1830). «Сарданапал» кантатасы үчүн Рим сыйлыгын алган (1830). Берлио симфониялык музыканы те­атрлаштырууга умтулган.

Музыкалык формалар, гармония, аспапташтыруу жагына көп жаңылык киргизген. Кө­рүнүктүү чыгармалары: «Фантастикалык симфо­ния» (1830), «Реквием» (1837), «Ромео жана Жу­льетта» (1839), «Фаустту айыптоо» (1846) оратория­лары, «Троялыктар Карфагенде» экилтик операсы (1855–1859) жана башкалар. Ал Р. Вагнер менен бирге дирижёрлук кылуу боюнча жаңы мектепке негиз салган. «Оркестрдин дирижёру» трактатынын, мемуарлардын ав­тору.