БЕРНАДОТТОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕРНАДОТТОР – швед королдук династиясы (1818-жылдан). Династиянын негиздөөчүсү Наполеон Бонапарттын маршалы – Жан Батист Бернадот. 1810-жылы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин ал Наполеон тарабынан кызматтан кетирилип, Швецияга тактынын мураскору катары чакырылган. 1813-жылы Бернадот Францияга каршы согушта швед аскерлерин жетектеген. 1818-жылдан Бернадот Карл XIV Юхан деген ат м-н королдук такка отурган. 1814-жылы Норвегия швед королдугуна бириктирилгенден кийин, 1818–1905-жылдар аралыгында Бернадот Швеция м-н Норвегиянын королу (1905-жылы Норвегия Швециядан бөлүнүп, көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган) болуп келген.