БЕРНУЛЛИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРНУЛЛИЛЕР (Bernoulli) – швейцариялык илимпоздор үй-бүлөсү. Я к о б Бернулли (27.12.1654, Базель – 16.8.1705, ошол эле жерде) – матема­тик, Базель университетинде профессор (1687). Иниси Иоганн м-н бирдикте вариациялык эсептөөгө жол сал­ган. Анын изопериметрдик маселеси өзгөчө маа­ниге ээ болуп, брахистохрона маселесин чеч­кен. Чоң сандар законунун бир көрүнүшү бол­гон Бернулли теоремасын «Искусстводогу бол­жолдоолор» («Ars conjectandi», Basileae, 1713) эмгегинде далилдеген. Бирдей даражадагы на­туралдык сандардын суммасын эсептөөдө Бер­нулли санын ачкан. Физиканын айрым облусу боюнча да эмгектери бар. И о г а н н Бернулли (27.7.1667, Базель – 1.1.1748, ошол эле жерде) – математик, Якоб Бернуллинин ини­си, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1725), Гронинген (Голландия, 1695) ж-а Базель (1705) университеттеринин профессору. Дифференциалдык ж-а ин­тегралдык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда немец математиги Г. Лейбниц м-н бир катар ачы­лыштарды жасаган. Дифференциалдык ж-а ин­тегралдык эсептөөлөрдүн биринчи системалуу баяндамасын сунуш кылып, кадимки диффе­ренциалдык теңдемелердин чыгарылышынын айрым ыкмаларын иштеп чыккан. Геодезиялык сы­зыктар жөнүндөгү классикалык маселени чыга­рып, аны мүнөздөөчү геометриялык касиеттерин, ки­йин алардын дифференциалдык теңдемелерин тапкан. Механикадагы согуу теориясы, кара­ма-каршылыктуу чөйрөдөгү нерсенин кыймы­лынын теориясы ж. б. тармактар боюнча эмгек­тери бар. Д а н и и л Бернгулли (29.1.1700, Гронинген –17.3.1782, Базель) – Иоганн Бернуллинин уулу. Физио­логия, медицина, айрыкча математика ж-а ме­ханика илимдери боюнча көп иштеген. Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү, Базель университетинде физио­логия (1733) ж-а механика (1750) боюнча профессор. Ма­тематика боюнча алгебралык теңдемелердин кайрылма ка­тардын жардамы м-н сандык чыгарылыш ык­масы, кадимки дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы, астрономия, катарлар теориясы боюнча эмгектерин жараткан.