БЕРЦЕЛИУС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕРЦЕЛИУС Йенс Якоб барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРЦЕЛИУС́ Йенс Якоб (20. 8. 1779, Веверсун­да – 7. 8. 1848, Стокгольм) – швед химиги ж-а минералогу. Упсал университетинде медицина боюнча док­тор наамына ээ болгон (1802). Стокгольм ИАнын мүчөсү (1807). 1820-жылдан Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү. Берцелиустун атомистика­ны тажрыйбада далилдеп, аны өркүндөтүп, хи­мияга киргизиши чоң ийгилик болуп саналат. Элементтердин атомдк массасынын таблицасын түзүп, грекче же латынча аттарынын башкы тамгалары м-н бел­гилөөнү сунуш кылган; 2000ге жакын бирикме­нин проценттик курамын изилдеп чыккан. 1810– 16-жылдары эселик катыш законун ачып, органикалык бирик­мелердин курамы ал законго баш ийерин да­лилдеген. 1815-жылы кээ бир органикалык кислоталардын би­ринчи формуласын жазган. Курамы бирдей, касиеттери түрдүү органикалык бирикмелерди изомерлер деп атаган. Гизингер м-н бирге түрдүү мине­ралдарды, кендерди изилдеп, церий, селен, то­рийди, 1824–25-жылы 1-жолу эркин абалдагы крем­ний, титан, тантал ж-а цирконийди алган. Атом жөнүндөгү окууну негиздеп, өнүктүрүүдө анын эмге­ги зор.