БЕТА-АЖЫРОО
БЕ́ТА-АЖЫРОО , � -а ж ы р о о – атом ядросунун ичинде нейтрондун (n) протонго (p) же протондун нейтронго өзүнөн өзү айлануу процесси. Процесс учурунда ядродон электрон (е–) же позитрон (е+) ж-а электрондук антинейтрино (u~ ) же нейт рино (ue) бөл үнүп чыгат. Бета-ажыроонун түрлөрү: 1) э л е к т р о н д у к Бета-ажыроо же: n�p+�-+u~ . Мында түзүлгөн ядронун протон саны (Z) алгачкы ядронун протон санынан бирге ашык болот. Мисалы, 11C �11 B + e– + ~ . �–– 6 5 ue ажыроонун жөнөкөй түрүнө эркин нейтрондун ажыроо процесси кирет; 2) п о з и т р о н д у к Бета-ажыроо же �+ -ажыроо: p � n + e + ue , мында түзүлгөн ядронун протон саны (Z) алгачкы ядронун протон санынан бирге аз болот. Мисалы, 11 11 + 6 C �5 B + e ue 3) э л е к т р о н д у к к а р м о о процесси, анда ядронун бир протону нейтронго айланып, протон саны (Z) бирге азаят: p+e–�n+ u . Мис., 6 3 e 11Be + e– �7Li + u. Бул процесс өзара начар байланыштын натыйжасында болот. Бета-ажыроодо ядролордун жарым ажыроо мезгили 10–2 с-тан 1018 жылга чейин жетет. Ядродон учуп чыккан электрондордун энергиясын (�– -спектрди) изилдөөдө 1930-жылы Швейцария физиги В. Паули нейтрино бөлүкчөсүнүн болорун болжолдогон. Бета-ажыроо теориясын 1934-жылы италиялык физик Э. Ферми түзгөн.