БЕТАИНДЕР
БЕТАИНДЕР – амин кислоталарынын азот атому м-н үч алкил тобу бар комплекстүү туздары. Молекуласында оң заряддуу азот атому ж-а терс заряддуу карбоксил тобу болгондуктан, эки уюлдуу же биполярдуу ион тибинде болот: CH 3 CH ‒‒ N ‒‒ CH ‒‒ C OO –

CH 3 R. Cууда жакшы, эфирде начар эрийт; эрүү t өтө жогору. Бетаиндер амин кислоталарга алкилгалогениддерди ж-а алкилсульфаттарды таасир кылуудан алынат. Өсүмдүк, жаныбар организмдеринде гликокол бетаин–(СН3)3NЕ CH2COO кеңири таралган. Ал түссүз
кристалл, балкып эрүү t 293°С, кант өндүрүүдө анын калдыктарынан алынат. Хлордуу бетаин (ацидол) медицинада туз кислотасынын ордуна колдонулат. Ошондой эле полимерлешүү реакциясында эмульгатор, диспергатор, ал эми кагаз, тери, текстиль ж-а металлды кайра иштетүүчү өнөр жайда нымдаткыч катары колдонулат. Республикада кант заводунун калдыктарынан алынган Бетаиндерден мал ж-а канаттуунун азыктуулугун жогорулатуучу дары чыгарылат.