БЕХЗАД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕХЗАД Кемаль-ад-Дин (1450-жылдар чени, Герат – 1535–1534 же 1535–1536, Тебриз) – иран живописчи­си, миниатюрачы, Герат миниатюра мектеби­нин көрүнүктүү өкүлү. Бул мектеп Иран, Индия жана Орто Азияда миниатюранын өсүшүнө зор таа­сир тийгизген. Бехзад Ак сарай сүрөтчүсү жана Герат башкаруучуларынын кол жазма (китабхана) чеберлеринин башчысы болгон. 1522-жылы Тебризде Исмаил шахтын буйругу менен падыша сарайын­да китабхананы жетектеген.

Бехзад К. Шейбан хандын портрети.

Көркөм, кылдат жана кооз палитранын, виртуоздуу пасторалдык жана баталдык көрүнүштөрдүн чебери болгон. Гератта калыптанган иконографиялык схема­ларды сактап, көп фигуралуу композициялар­ды, таасирдүү көркөм сүрөттөрдү тарткан. Саа­динин «Бустанына» миниатюралары (1488, Еги­петтеги улуттук китепкана, Каир), Низаминин «Хамсесине» эки көчүрмө (1490, Лондон, Бри­тан музейи), «Султан-Хусейн Байкара» (1480- жылдар,

өздүк жыйнак, Швеция) жана башка чыгар­малары Чыгыш миниатюрасынын шедеври бо­луп саналат.