БЕЧЕЛОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЧЕЛОВА Турсун (1898, Бишкек уезди, Кы­зыл-Суу кыштагы – 1981, Бишкек) – Кыргызстанда Со­вет бийлиги орногондон кийин саясий үгүт иш­терин жүргүзүүнү уюштурган алгачкы кыргыз

аялдарынын бири. 1916- жылдан Бишкек, Сокулук­тагы соодагерлерге жалда­нып иштеген. 1918-жылы Биш­кектеги «Эмгекчи аялдар со­юзуна» кирген, 1919–20-жылдарда Ташкендеги партиялык-советтик мек­тептен окуган. Аны бүткөн­дөн кийин Бишкек, Токмок шаарларында аялдар ишин уюшту­рууга катышкан (1924); На­рын, Бишкек шаарларында аялдар арасында иштөө боюнча инструктор, кийин Ош, Бишкек шаарларынын иш­каналарында иштеген. 1945-жылдан республикалык маа­нидеги пенсияга чыккан.