БЕШ-ТЕРЕК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕШ-ТЕРЕК – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Беш-Терек айыл өкмөтүнүн борбору. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Беловодский кыштагынан 40 км түндүк-батыш тарапта. 1977-жылы дың жерлерди өздөштүрүүдө негизделген. Деңиз деңгээлинен 600 м бийиктикте. Калкы 1390 (2022); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, китепкана, наабайкана, ашкана бар.