БЕШ-БУРКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШБУРКАН барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-БУРКАН – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу. Кичи Алай тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1420 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Но­окат шаарынан 55 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 15 км. 1896-жылга чейин оту­рукташкан. Калкы 2659 (2022); негизинен дый­канчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.