БЕШИК-ЖОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕШИК-ЖОН – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак . Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 6 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 32 км. 1900-жылы орношкон. Деңиз деңгээлинен 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6026 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, кийим тигүү цехи, техника, ветеринария ж-а суу сервистери ж. б. бар.