БЕШКЕН-ТАГАП-ТАШ-РАБАТ НЕФТЬ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШКЕН-ТАГАП-ТАШРАБАТ НЕФТЬ КЕНИ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШКЕН-ТАГАП-ТАШ-РАБАТ НЕФТЬ КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Бешкен, Та­гап кыштагынан 2–5 км түндүктө, Сүлүктү шаарынан 20 км түндүк-чыгышта. Кен 1976–78-жылдарда Жалал-А­бад нефть чалгындоо экспедициясы структура­лык-издөө ж-а бургулоо иштерин жүргүзгөндө ачылган. Нефть палеоген мезгилинин III, IV кабаттары м-н байланышкан. Кумдук тоотеги­нен турган III, IV кабаттары 1200–1800 м терең­дикте жайгашкан. Кен үч участокко бөлүнөт: Бешкен, Тагап ж-а Таш-Рабат. Бешкен участо­гундагы III кабаттын калыңдыгы 3,06 м, нефть сакталган аянты 12,458 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы В – 743,8 миң т, 1997-жылга карата запасы В–476 миң т. Нефтинин сапат­тык көрсөткүчтөрү: тыгыздыгы – 0,868 г/см3, парафиндүүлүгү – 10,8%, күкүрттүүлүгү – 0,37%, курамында чайыр ж-а асфальтен – 57%. Кабат­тын температурасы 50°С. Тагап участогунда III ка­баттын калыңдыгы 2,45 м, нефть сакталган аян­ты – 6,495 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запа­сы В–292 миң т, 1997-жылга карата запасы В – 118 миң т. Нефтинин тыгыздыгы – 0,867 г/см3. Курамында парафин – 25%, күкүрт – 0,21%, чайыр ж-а асфальтен – 62%. Кабаттын температу­расы 35°С. Таш-Рабат участогу IV кабаттын ка­лыңдыгы 2,04 м, нефть сакталган аянты – 9,806 км2, баштапкы иштеп чыгаруу запасы С –195,9 миң т, 1997-жылга карата калган запасы С –191 миң т. Нефтинин тыгыздыгы 0,870 г/см3. Кура­мында парафин – 21,4%, күкүрт – 0,31%, чайыр ж-а асфальтен – 73%. Кабаттын температурасы 42°С.